Бүгүн, 3-июлда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айылында "Кара-Кужур кымызы" аталышындагы фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу аталган иш-чарада алып баруучулук милдетти аркалап жаткан Каниет Жыргалбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Иш-чараны Сары-Булак айыл аймагы менен Ак-Кыя аймагы уюштурушкан. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан фестивалга чет элдик туристтер, Казакстандан жана өлкөнүн 7 дубанынан келген бийлик өкүлдөрү катышууда.
Фестивалдын башкы максаты кыргыздын накта кымызын даңазалоо болуп саналат.
“Мен бул фестивалга алып баруучу болуп келгем. Иш-чарага эл агылып келип жатат. Боз үйлөр тигилген, коноктор кымыздын даамын ачык асман алдында сызышат”,- дейт Каниет Жыргалбеков.
Кошумчалай кетсек, иш-чара "Манас" айтуу менен ачылат. Андан соң кыргыз комузунун керемет күүлөрү жаңырат. Ошондой эле казактар домбрасында кол ойнотушат. Мындан тышкары Бегимай Бекбоева, Илгиз Адашев жана райондук өнөрпоздор таланттарын тартуулашат.