Бүгүн, 3-июлда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.
Салтанаттуу иш-чарада саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, парламент депутаты Дамира Ниязалиева, КРнын Президентинин аппаратынын өкүлү, мамлекеттик медициналык мекемелердин башчылары жана республиканын медициналык коомчулугу катышууда.
Министр Динара Сагынбаеванын айтымында, Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин статусун жогорулатуу зарыл. “Өлкөбүздө мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын жардамы менен медициналык мекемелердин курулуш иштери каржыланды, керектүү жабдуулар алынды. Ошентип, республикада медицина тармагы туура багытта өнүгүүдө десек болот”,- деди ал.