"Мурдагы жылдарга салыштырмалуу өлкөбүздө кургак учук илдетинен каза болуунун көрсөткүчү 14 пайызга төмөндөдү". Муну бүгүн, 3-июлда Бишкекте салтанаттуу белгиленип жаткан Медицина кызматкерлеринин күнүндө КРнын Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева айтты.
Анын айтымында, кургак учуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлгөндүктөн, аталган илдетке кабылгандардын саны 6 пайызга азайды. “Мындан улам оорулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз”,- деди министр айым.