Саламаттыкты сактоо министрлиги 2012-жылы гуманитардык жардам катары келген дарылардын 25 миллион 267 миң сомго бааланган бөлүгүн колдонуу мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу эсептен чыгарган. Бул тууралуу министрликтин аудити боюнча Эсептөө палатасынын 2012-жылга карата чыгарылган жыйынтыгында айтылат. Маалымат Эсептөө палатасынын расмий сайтында жайгаштырылган.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан Израиль, Түркия жана Ирандан келген гуманитардык жардам анча рационалдуу пайдаланылбай жатат. 2012-жылы гуманитардык жардам катары 27 миллион 909,9 миң сомго бааланган дарылардын 25 миллион 267,6 миң сомго бааланган бөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган. Ошондо дары-дармектердин 90,5 пайызы пайдаланууга берилген эмес.