Ырчы Айбек Замиров Орусияда өтчү "Голос" аттуу вокалдык шоунун биринчи турунан өттү

Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлчү “Голос” вокалдык долбооруна катышуу үчүн барган ырчы Айбек Замиров сынактын 1-турунан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ырчынын атасы, КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев SUPER.KG порталына билдирди.

“Кечээ уулум сынактан ийгиликтүү өткөнүн телефон аркылуу сүйүнчүлөдү. Бүгүн болсо мекенине учуп келип, августта 1 айга кетет. 2-турунда телекөрсөтүүгө тартуу жүргүзүлөт”,- дейт Замир Сооронбаев.

Кошумчалай кетсек, кастингге дагы бир кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова катышат. Ал бүгүн, 3-июлда Москвага учуп кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynara1983
2014-07-03 13:33:55
Азаматтар ийгилик силерге!!!
+1
bossmos7
2014-07-03 13:52:13
Ийгиликтер!
+1
Gulsara_1986
2014-07-03 15:42:55
Ийгилик, кыргыздын атын кыйырга тааныткандар кобойсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан