"Баткендин Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылынын тургундары "Бүргөндү" чек ара тозотунун кызматкерлеринин аракеттерине нааразы" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын "Айдаркен" чек ара отрядынын жетекчиси менен телефон аркылуу байланышканда Кадамжай районунун акими Ак-Турпак айылынын тургундары тарабынан райондун жетекчилигинин атына эч кандай арыз түшпөгөндүгүн билдирди. Экинчиден, буга чейин 21-июнда мас абалында арыз жазган 3 жергиликтүү тургун «Бүргөндү» жөнөкөйлөтүлгөн көзөмөлдөө пунктунан чек ара күзөтү тарабынан адаттан тыш кыймыл-аракети жана документтерди текшерүү учурунда аскер кызматкерлерине шек келтиргендиги үчүн кармалган. Бирок алар Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын өтүнүчү менен бошотулган.
Ошондой эле бул маселени объективдүү чечүү максатында кечээ, 2-июлда Баткен облустук аймактык чек ара башкармалыгынын жана "Айдаркен" чек ара отрядынын өкүлдөрү, «Бүргөндү» чек ара тозотунун башчысы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Ак-Турпак айылдык орто мектебинин директору, айыл аксакалдары жана арыз жазган айыл тургундары менен жолукту.
Маалым болгондой, жолугушууда арыз жазгандар күнөөлөрүн моюндарына алып, мас абалындагы аракеттери жана ММКга жалган маалымат бергендиктери үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен кечирим сурашты.