Ырчы Назми сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Мукан Рыскулбековго таандык “Классташтар” аттуу ырына клип тартып жатат. Учурда клиптин 50 пайызы тартылып бүтүп, жакынкы күндөрдө элге тартуулануу алдында турат.
Ырчы чыгарма тууралуу “Аталган ырды жолдошум ырдап калганда жактырып калып, "жакшы чыгарма экен" деп суктанып койдум эле. Көп өтпөй жолдошумдун сунушу менен ырды жаздырып, клип тарттырууну туура көрдүк. Анткени эмки жылы менин 20 жылдыгым, негизи эле чыгарма ар дайым актуалдуу болчу ырлардын бири” деген оюн билдирди.
Клиптин режиссёру Ринат Мурзаев: “Бул менен онунчу же он биринчи эмгегим. Назми эже менен экинчи ирет иштешип жатам, буга чейин “Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы” аттуу ырына клип тартканбыз. Экинчи клиби деле кыйынчылык жараткан жок, болгону окуучуларды чогулта албай убара тарттык. Сюжети менен идеясына токтоло кетсем, мектепти, окуучулук күндөрдү чагылдырат”,- деди.