Баткендин Кадамжай районунда жаңы курулган көпүрө колдонууга берилди

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагында жаңы көпүрө курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Көтөрмө айыл өкмөтүнүн жетекчиси Махмуд Токторовдун айтымында, бул көпүрөнүн курулушуна GIZ фондунан 970 миң сом, айыл өкмөтүнөн 180 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин дагы 6 көпүрө аталган аймакта бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү бийликтин каржылоосунда курулган.
Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков курулуп бүткөн жаңы көпүрө менен таанышып, «быйылкы Мамлекеттүүлүк жылында аймактын инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү мамлекетибизге кошкон чоң салымыбыз» деп белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
HTC-2000
2014-07-03 21:02:02
ура! кызыл булагым!!! оркундобер!!
0
Karysh
2014-07-03 22:12:52
Бетонду колдору менен тегиздешкен го булар техника жокбу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан