18-июлда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде сергек жашоого үндөгөн спорттук иш-чара өткөрүлөт. Белгилүү болгондой, ага спорт, саясат, шоу-бизнес, мода чөйрөсүндө иш алып барган инсандар катышышат. Алардын катарында актёр Бектемир Мамаюсупов, актриса Алиман Дүйшеналиева, “Тамашоу” долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев, “Артек” тобунун солисткасы Жийде, ырчы Нурбек Савитахунов, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Алексей Федосеев, мушкер Ален Офойо жана башкалар эки командага бөлүнүп, бассейнде сууда сүзүү боюнча ат салышат.
Бул долбоор спортту жайылтуу жана ден соолукту чыңдоо максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Ассоль Молдокматова билдирди.