Орусиянын Федералдык миграция кызматы Орусиянын аймагында иштеп жүргөн 3 миллион 500 миңге чукул мигрантты 2015-жылы орус тили боюнча сынактан өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда орусиялык басылмалар аталган кызматка шилтеме берип маалымдашты.
Маалыматка ылайык, учурда мигранттар үчүн орус тилин үйрөтүүчү курстар иштейт жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Өлкө аймагында учурда мигранттар үчүн орус тилин үйрөнүүчү 311 курстун үчтөн бири акысыз иш алып барат. “2015-жылы 3 миллион 500 миң кишиден сынак алууга туура келет. Ал эми 2 миллионго чукул сандагы мигранттарга орус тилин үйрөтүү талабы бар” деп белгилешкен аталган кызматтын өкүлдөрү. Белгилүү болгондой, буга чейин Орусиянын Билим жана илим министрлиги сынак 5-6 миллионго чукул мигранттан алынарын айткан.
Эске салсак, мигранттарды жогорку кесипкөйлөрдөн башка чет өлкөлүк мигранттардын Орусияда иштеши үчүн орус тили, Орусиянын тарыхы жана Орусиянын Баш мыйзамдары боюнча сынак тапшырууга милдеттендирген мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылдын апрелинде кол койгон.