Эрнис Докенов: “Бишкектин бюджетинин чыгаша бөлүгүн гана ачык-айкын кылуу туура”

“Бишкек шаарынын бюджетин толук эмес, чыгаша бөлүгүн гана ачык-айкын кылуу туура”,- деди бүгүн, 3-июлда тегерек столдун жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов.

Анын айтымында, Бишкектин бюджетин ачык-айкын кылуу боюнча сунуштар буга чейин бир топ жолу айтылып келген. “Бул демилге айрымдарды жарнама кылуу үчүн гана иштеп калышы мүмкүн. Ишке келгенде мындан эч кандай пайда көрбөй калабыз. Ошондуктан шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүн ачык-айкын кылуу туура. Анткени коомго кайсы уюм тендерди утканы керектүү жана кызыктуу”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан