Орусиянын "ВИА-Гра" тобунун экс-солисткасы, 35 жаштагы
Альбина Жанабаева Валерий Меладзеге экинчи жолу уул төрөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаңы төрөлгөн ымыркай Валерий Меладзенин бешинчи баласы. Анын 18 жылга созулган биринчи никесинен 3 кызы бар. Ал эми Альбина Жанабаева мындан 10 жыл мурун Константин аттуу уул төрөп берген. Валерий Меладзе мурдагы аялы менен расмий түрдө 2014-жылдын башында ажырашкан.