Ош. Медицина кызматкерлери Ардак грамоталарга ээ болушту

3-июлда Ош шаарынын мэриясында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты.
Анда мэр Айтмамат Кадырбаев ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттуктап: «Бүгүнкү күндө шаарыбызда 24төн ашуун дарылоо жана оорулардын алдын алуу мекемелери үзгүлтүксүз калкка медициналык жардам көрсөтүп келишүүдө. Бир гана шаардын калкынын ден соолугу үчүн кам көрбөстөн, шаардын тазалыгы жана көркүнө көрк кошуу жаатында да бир топ иштерди аткарып, социалдык өнүгүүсүнө өз салымыңыздарды кошуп, активдүү иштеп келесиздер. Шаарыбыздагы дарылоо жана оорулардын алдын алуу мекемелеринде көп жылдардан бери талыкпастан эмгектенип келе жаткан 3000ден ашуун медицина кызматкерлеринин адамдардын ден соолугун коргоо боюнча аткарып жаткан алгылыктуу иштери коомчулукту кубандырбай койбойт»,- деди.
Саламаттыкты сактоо тармагында мыкты кызмат көрсөткөн дарыгерлерди калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан