Бүгүн, 4-июлда Бишкектеги Улуттук китепканада дарыгер жана профессор Накен Касиевдин “Жашоонун жаркын ирмемдери” аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт.
Аталган китепканадан билдиргендей, китеп өмүр баян түрүндө жазылып, анда окумуштуунун жана коомдук ишмердин жашоосу фото-документтер менен сүрөттөлөт.
Белгилей кетсек, Накен Касиев 50 илимий китептин автору, алардын арасында “Кыргызстандын саламаттыкты сактоосу” (абалы жана өнүгүүү перспективасы), саламаттыкты сактоонун абалы тууралуу мамлекеттик доклады бар. Ал Ардак белгиси ордени, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алтын медалы жана Даңк медалы менен сыйланган.