Бишкекте залкар манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган көргөзмө өтүүдө

Бишкекте өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматында ("Кыргызпатент") Кыргыз Республикасынын Баатыры, улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө залкар манасчынын өмүр баяны, фотолор, китептер, чыгармачылыгына арналган конференциянын материалдары, сыйлыктары жана наамдары коюлган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын Эл артисти, I даражадагы Манас орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын Ак-Чий районундагы Меркеч айылында 1918-жылы туулган. 7 жашынан кат тааныган. Анын агасы Балбай “Манас” эпосуна кызыгып, аны чогултуп, кагазга түшүрүп жүргөн. 

Жусуп Мамай "Манас" эпосун Манастын сегиз урпагына чейин айткан. Мындан тышкары анын "Төштүк", "Мамаке-Шопок", "Көбөөн", "Толтой" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгарылган. 

Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жашында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан