Ош шаарында Абсамат Масалиевдин эстелигинин ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигинин ачылыш аземи өттү. Ага шаар жетекчилиги, инсандын жакын санаалаштары, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, КРнын Президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.

Абсамат Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы Тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктайт. 1953-1956-жылдары Москвадагы Сталин атындагы Тоо-кен институтунун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдоочу үч жылдык бөлүмүндө окуйт. Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда "Кызыл-Кыя көмүр" башкармалыгынын "Комсомольская" кенинде участка башчысынын жардамчысы, участканын башчысы, "Кыргыз көмүр" трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.
Абсамат Масалиевдин өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу толугу менен бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан