Бүгүн, 4-июлда Бишкекте “Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен өтүп жаткан спорттук мелдеште КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Бүгүнкү күндө дени сак болуу модада. Анткени, биринчиден, ооруларды дарылоого адам бир топ акча каражат сарптайт. Ошондуктан ал материалдык жактан утат. Экинчиден, дени сак адам ар дайым сергек жана шайыр болот. Республикабыздын ар бир мекемелери өз кызматкерлеринин арасында бүгүнкүдөй спорттук мелдештерди уюштуруп турса абдан пайдалуу болмок”,- деди министр.