Кыргызстандын "Азия Микс" КВН командасы 3-июлда Казакстандын борбор калаасында өткөрүлгөн “Астана Кубогу” Эл аралык фестивалында аталган кубокту жеңип алды.
Белгилүү болгондой, фестивалда Бишкектин “Азия Микс”, Москванын “РУДН” курама командасы, Тюмендин “СОЮЗ”, Астананын “Казакстандын жаңы курама командасы”, Азербайжандын “Баку” курама командалары кубок үчүн ат салышкан.
Иш-чара Казакстандын борбор калаасынын 16 жылдыгына арналган. Бул жеңиши тууралуу "Азия Микс" командасынын оюнчулары интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыгышты.