"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамын 2 жолу жеңип алган ырчы Нурлан Насип, "Жылдын супер дебюту - 2013" наамына талапкер Асел Кадырбекова жана "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" Самат Эркинбеков Орусиядагы мекендештерине концерт коюп жүрүшөт. Бул тууралуу ырчы Нурлан Насип SUPER.KG порталына бүгүн, 4-июлда билдирди.
“Биринчи Москва шаарында концерт бердик. Андан соң Новосибирск, Красноярск шаарларында койдук. Бардык жердеги концерттер жакшы болду”,- дейт ырчы.