Бишкекте “Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен спорттук мелдештер өтүүдө (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-июлда Бишкекте “Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен спорттук мелдештер Өкмөт үйүнүн алдынан старт алып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда уланууда.

Иш-чараны КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев куттуктоо сөзү менен ачып, мелдештер боюнча маалыматка кеч ээ болгонунан спорттук кийимин албай калып, чуркоого катышпай турганын айтты. 

Старттык чуркоодо КРнын Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, КРнын Экономика министри Темир Сариев, КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева жана 300гө чукул медицина кызматкерлери чуркашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө К.Базарбаев “бүгүнкү күнү дени сак болуу модада” деп, бул сөзүн төмөнкүдөй далилдеп берди: “Анткени, биринчиден, ооруларды дарылоого адам бир топ акча каражат сарптайт. Ошондуктан ал материалдык жактан утат. Экинчиден, дени сак адам ар дайым сергек жана шайыр болот”.

Республикалык жана шаардык медициналык мекемелердин ортосундагы мелдештер 400 метрге чуркоо, аркан тартыш жана армрестлинг менен коштолууда. 

Министрлер дени сак жашоону өздөрүнөн башташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tolkun85
2014-07-04 13:01:08
дени сак жашоону озундон башта деп,Оторбаевдин озу спорт кийимин албаганы кандай кызык,,,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан