Жеке колдорго өтүп кеткен Караколдогу ат майданы боюнча соттук отурум 8-июлга жылдырылды

Жеке колдорго өтүп кеткен Караколдогу ат майданы боюнча соттук отурум 8-июлга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынын президенти Бектурсун Алышбаев SUPER.KG порталына кабарлады.

“Сот 8-июлга жылдырылды. Себеби ат майданынын азыркы кожоюну Адылбек Оңбаев адвокаттарды алмаштырганын айтып, сотту жылдыртып койду. Бул имарат Каракол мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилиши керек. Экс-президент Курманбек Бакиевдин учурунда мыйзам бузулуп, ат майдан менчиктештирилип кеткени белгилүү болсо да, сот чечимди улам артка жылдырып келатат. Бул жерде чоң саясат болуп жатат”,- дейт Бектурсун мырза.

Кошумчалай кетсек, караколдук активисттер буга чейин Караколдогу ат майданы учурда жеке колдорго өтүп, барган сайын талкаланып жатканын айтып чыгышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-07-04 12:55:43
Соттук иштерге байланышкан кандай жаңылык окубайын, "соттук отурум жылдырылды" дегендер эле көп.Мен тажап кеттим, алар эмес(кайсы бир соттук иштин катышуучулары ж.б.)Муну мен эки тараптын тең(айыптоочу,айыпталуучу)жоопкерсиздиги, сот тармагынын шалаакылыгы деп билем.Анткени көбүнчө кайсы бир тараптын бирөөсү келбей калат же дагы бир болбогон шылтоо м-н улам жылдырыла берет.Бул тоготпостук же талаптын жоктугу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан