Ошто электр энергиясын үнөмдөө боюнча даярдалган макеттер жана бир катар эмгектер боюнча көргөзмө уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 2-4-июль күндөрүнө пландаштырылып өтүп жаткан Туруктуу энергетика күндөрүнө арналган көргөзмө болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмө окуу жайдын башкы имаратында уюштурулуп, ага Кыргызстан, Латвия, Тажикстан жана Казакстандан келген энергетика кызматкерлери, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, «Ош электр», «Жалал-Абад электр» ишканаларынын жетекчилиги жана кызматкерлери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышышты.

Анда ОшМУнун физика-техникалык факультетинин энергетика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан жасалган электр энергиясын үнөмдөө боюнча даярдалган макеттер, иштөөчү энергокурулмалар, күн нурунан электр энергиясын алуучу жабдык, чакан ГЭСтердин курулуш механизмдери, электр станциялары сыяктуу кызыктуу жана баалуу ойлоп табуулар көргөзмөгө коюлуп, маалыматтар берилди. Чет элден келген өкүлдөр күндүн нурунан энергия алуучу каражатка бышырылган тамактардан даам сызып, жогорку баасын беришти. 

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Ош шаарында 3 күнгө созулуп, анда шаардагы энергоэффекттүүлүктү жогорулатуу, жалпы калкка үнөмдүү таратуу жана туура пайдалануу тууралуу сөз болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kara_kyrgyz
2014-07-04 14:47:04
Айдарбеков Зарип агай го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан