Ошто 5 ай ичинде 8 миллион сомдон ашуун акчага электр жабдуулары оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү

Оштун "Жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү" ишканасы үстүбүздөгү жылдын 5 айында 8 миллион сомдон ашуун акчага электр жабдууларын оңдоп-түздөөдөн өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда «Кыргызстандын улуттук электр түйүнү» ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Памир» көмөк чордонунда өткөн кышта ашыкча жүктөмгө учураган күч берүүчү трансформатор алмаштырылды. «Кызыл-Кыя-2» көмөк чордонунда бат-баттан жабдуунун өчүп калышына алып келген ашыкча жүктөмдөн улам жаңы кубаттуу трансформатор коюлду.

«Учурда "Кыргызстандын улуттук электр түйүнүнүн" Ош филиалынын энергетика кызматкерлери жабдууларды оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктабайт. Үстүбүздөгү жылдын 3-кварталында «Ноокат» жана «Ош-6» көмөк чордондору реконструкцияланып, тиешелүү иш-чаралар аткарылат»,- деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан