Орусиялык сүрөтчү Ирина Андреева кийизден жасалган куурчактарын коомчулукка көрсөттү

Орусиялык сүрөтчү Ирина Андрееванын кийизден жасалган укмуштуудай куурчактарын көргөн ар бир адам суктанат. Бул оюнчук сувенир, жадакалса интерьерди кооздогон буюм эмес. Ирина аларды автордук куурчактар же болбосо кийизден жасалган скульптура деп эсептейт.

Анын эмгектеринен кийизден жасалган шкаф, пианино, телевизор, отургучтар, шайтан араба, үй гүлдөрүн, мышыктарды, чүчпараларды жана булардын арасында жашаган кийиз куурчакты көрүүгө болот.

Ирина алгач чокой жасап баштаган, кийин уй, куурчак жасап отуруп алар азыр толук композиция болгон. Анын эмгектерине күбө болгондор көргөзмөгө эмес, боорукер адамдардын үйүнө конокко келгендей болушат.

Чет элдик маалыматка таянсак, эң кызыгы, Ирина өзүнүн эмгектерин сатпайт. Анткени буларды жан дүйнөсү каалагандыктан жана адамдарга жакшы сезим тартуулоо үчүн гана жасайт. Ал чоң долбоор менен иштешип, сувенирлери менен шаарларды кыдырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Мэри
2014-07-04 15:21:24
Сонун! Укмуш! Керемет! Жагымдуу!
0
Aipri
2014-07-04 16:48:17
Соонун. Мага аябай жакты.
0
Aipri
2014-07-04 17:12:07
Супер силер азаматсынар.
0
saltanat.
2014-07-04 18:52:20
Пианинно ойногону жакты өлө, сонун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан