Суу берүүгө чектөө киргизилип, Бишкектеги жети унаа жуучу жай жабылды

Бишкектин Ленин районунда жайгашкан жети унаа жуучу жай суу берүүгө чектөө киргизилгенден улам ишин токтотту. Бул тууралуу аталган райондун башчысынын орун басары Абдес Анарбековго шилтеме берүү менен Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 4-июлда маалымдады.

«Унаа жуучу жайлардын ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кырдаал түшүндүрүлгөндөн кийин алар макулдугун беришти. Унаа жуучу жайлар Дооронбек Садырбаев көчөсүндө (Гагарин көчөсүнөн Северный көчөсүнө чейинки аралыкта) жайгашкан. Сууга чектөө киргизилбей, толугу менен бериле баштаганда аталган жайлар иштеп башташат»,- деди Абдес Анарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан