Борбор Азиянын 5 мамлекети саламаттык сактоо боюнча маалыматтык тармакты орнотууну ниет кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда маалымат жыйында Ден соолуктун дүйнөлүк уюмунун европалык бюросунун башчысы Клавдия Штайн билдирди.
Анын айтымында, аталган 5 мамлекетке Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. “Бул өлкөлөрдүн өкмөт делегаттары жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү аталган тармакты түзүү боюнча отурумга катышып, саламаттык сактоо боюнча маалымат менен алмашууну колдошту”,- деди ал.
“Саламаттык сактоо боюнча тармактын алкагында мүчө мамлекеттер өлкөдөгү демографиялык абал жана калктын саламаттыгы боюнча маалыматты таратууну моюнга алышты. Бул тармак өз ишин 2015-жылдан баштайт”,- деди К.Штайн.