Түндүк Корея бийлиги "Кэсон" өндүрүштүк комплексинде эмгектенген кызматкерлердин түшкү тамагына кошулуп берилүүчү "Choco Pie" шоколаддан жасалган печеньесинин берилишине тыюу салды. Бул тууралуу 4-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган печенье өлкөнүн көмүскө рыногунда өтүмдүү товар болуп саналат. Ошондой эле "Choco Pie" батыштын жашоо образынан кабар берет" деген пикирлер айтылган.
Түштүк Кореяда чыгарылган татымдын ордуна жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган шоколадды берүү чечими кабыл алынган. Тыюу салуулар тез бышуучу кесмелерге тиешеси жок.
"Кэсон" өндүрүштүк бирикмеси Түндүк жана Түштүк Корея менен биргеликте 2005-жылы негизделген.