Борбор Азияда саламаттык сактоо боюнча маалыматтардын таратылышы тиешелүү деңгээлде эмес экени айтылды

Бишкекте 4-июлда өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк ден соолук уюмунун европалык бюросунун башчысы Клавдия Штайн: “Акыркы жылдары Борбор Азияда саламаттык сактоо боюнча маалыматтардын басымдуу бөлүгү иретсиз жана толук эмес болууда”,- деди.

Анын айтымында, учурда маалымат топтоонун, жарыялоонун жана таратуунун системин жакшыртуу муктаждыгы бар. 

“Биз бүгүн мурунку муундарга салыштырмалуу көбүрөөк жашайбыз. Мисалы, 2000-жылы Европада жашоонун орточо узактыгы 73,8 жылга болсо, 2011-жылы бул көрсөткүч 76,8 жылга барабар болгон. Ушул сыяктуу маалыматтар менен алмашып, анализ жүргүзүү керек болууда. Бул муктаждыкты Борбор Азиянын саламаттык сактоо боюнча маалыматтык тармагы чече алат”,- деди К.Штайн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан