Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалында бир катар өзгөрүүлөр болот. Мындай билдирүүнү бүгүн, 5-июлда "ОшТВнын" жетекчиси
Керимбек Калыкулов билдирди.
Анын айтымында, мындан ары аталган телеканалды Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкарат. "Мурда телеканал бир адамдын гана кызыкчылыгында иш алып барган болсо, мындан ары атайын Байкоочу кеңеш түзүп, алардын башкаруусуна өткөзүүнү туура көрдүк. Себеби телеканал элге кызмат кылып, туура маалыматты жеткирип туруусу абзел. Ошондо гана элдин ишенимине кире алабыз",- деди Керимкулов.
Ошондой эле Байкоочу кеңеш коомдук уюмдардан көз карандысыз журналисттерден түзүлөрүн кошумчалады.