Ош облусунда ажыга баруу үчүн катталгандарды чүчү кулак аркылуу тандоо ачык-айкын өткөрүлдү. Мындай билдирүүнү облус казысынын орун басары Абдыжапар Жакыпов 5-июлда өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, облустан ажылыкка баруучулар үчүн 838 адамга квота бөлүнгөн. Ал эми катталган талапкерлердин саны 3102ни түзгөн.
«Бирок технологияны түшүнбөгөндүктөн улам өткөрүлгөн чүчү кулактын жыйынтыгына нааразы болгон жарандар да жок эмес»,- дейт казынын орун басары.
Ал эми маалымат жыйынга катышкан Ноокат районунун тургуну, ажылык сапарга өтпөй калган Шарабидин Акматов чүчү кулак эл алдында калыстык менен өттү деген пикирин билдирди.
"Өтпөй калгандар нааразы болгону менен, буйруганы болуп жатат. Атам экөөбүз өткөн жокпуз. Ага кайгырбайбыз, буйрук-насип ушундай.
Нааразы болгондор Ош облусунун казысынан көргөндүгү туура эмес. Бул казы адилеттүү иш жүргүзүп жатат. Чүчү кулак муфтияттын алдындагы ажылык штабынын өкүлдөрү жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн.
Облустук казыяттын чүчү кулактын натыйжасына таасир берген эмес жана андай мүмкүнчүлүгү да жок. Болгону ажыга баруучуларды каттодон өткөрүп, уюштурууну колго алган. Чүчү кулакты өткөрүүдө элге кайра-кайра түшүндүрүлүп, компьютер аркылуу да көрсөтүлүп жатты",- деди Акматов.