Ош шаардык ооруканасында курулган мечит колдонууга берилди

5-июлда Ош шаардык ооруканасында мечит курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 100дөн ашык адамга ылайыкташтырылган. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Султанов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми, Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов, Ош шаарынын казысы Убайдылла Сарыбаев, ошондой эле оорукананын жетекчилиги катышты. 

«Ооруканага мечиттин ачылышы жакшы жөрөлгө, элге да жакшы шарт түзүлдү»,- дейт Төрөбай Зулпукаров.

Айта кетсек, мечит 2013-жылдын күз мезгилинде башталган, анын жанына дары-дармек жасоочу дарыкана да ачылды. Ал имараттын 20 пайызын Ош шаардык мэриясы колго аларын вице-мэр Ильич Эргешов белгиледи. Ал эми калганы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан курулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kara_kyrgyz
2014-07-07 15:43:58
бул кишинин аты Саид Баюми! Аллах бул адамдан ыраазы болсун, ушул убакка чейин коп жерлерге мечит медреселерди куруп келишет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан