Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов Кара-Суу эли менен жолугушуп, Орозо айы тууралуу маалымат берди

Ош облусунун казысы Ниязали Арипов баштаган топ Кара-Суу районунун борбордук мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.

Анда казыяттын өкүлдөрү жолугушуу жума күнүнө туш келгендиктен, борбордук мечитте жума намазын эл менен биргеликте окуду. Жарандарга Орозо айынын пайдалуу жактары, сооптору тууралуу маалымат берилип, Рамазан айында жарандар бири-биринин көңүлүн калтырбай, кечиримдүү болуусу керектиги да айтылды.

«Орозо айынын ар бир он күндүгү өзүнчө керемет. Атап айтсак, биринчи он күндүк - ырайымдуулук, экинчи он күндүк - кечиримдүүлүк, үчүнчү он күндүк - тозок отунан кутулуу күндөрү жана тазалануу»,- деди Арипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан