Ош шаарындагы “Ошсууканал” муниципалдык ишканасы жана “Тазалык” ишканасына атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда муниципалдык кызматкерлерге таштанды ташуучу унаа, автокран сыяктуу 8 автоунаа тапшырылды. Техника Ош шаардык мэриясы жана Айлана-чөйрөнү коргоо фонду тарабынан каржыланган.
Ага вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, өз ойлорун айтып өтүштү. "Бул техникалар баарыңар үчүн кызмат кылсын, мен баарыңарды куттуктайм. Ар дайым эл үчүн кызмат кылып жүрө бериңиздер",- деди Тайырбек Сарпашев.