Ош облустар аралык бириккен клиникалык бейтапканасы республикалык сынакта облустук деңгээлдеги «Эң мыкты облустук оорукана» деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда аталган клиниканын башчысы Шайыр Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, бул ийгилик андагы дарыгерлердин бейтаптар менен иштөөдөгү өзгөчөлүгү эске алынып бааланган.
Маалыматка ылайык, өкмөткө караштуу Медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан өткөрүлгөн сынакка аймактардагы бардык ооруканалар катышкан. 20 адамдан турган калыстар тобу бейтаптарды кароодогу өзгөчөлүктөрү жана түзүлгөн шарттары менен Ош облустук ооруканасына 2-орунду ыйгарды.
Айта кетсек, аталган сынакта 1-орунду Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана алса, 2-орун Ош облустук ооруканасына ыйгарылган. Ал эми 3-орун Аксы райондук бейтапканасына берилген.