“Электрондук жайыт-комитет” маалыматтык системи дыйкандарды жакырчылыктын чегинен чыгарууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”,- деди бүгүн, 7-июлда КРнын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев.
Анын айтымында, аталган систем Бириккен Улуттар Уюмунун программасынын “Суусамыр өрөөнүндөгү тоолуу жайыттарды туруктуу башкаруу” долбоорунун алкагында иштелип чыккан. “Бизде бардык айыл өкмөттөрү компьютерлер менен камсыздалган. Эми аларга “Электрондук жайыт-комитет” системин орнотуу боюнча иштерди жүргүзөбүз. Бул систем жайыттарды башкаруу жана көзөмөлдөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”,- деди ал.