“Суусамырда жүргүзүлгөн “Электрондук жайыт-комитет” долбоору бардык артыкчылыктарды ачыкка чыгарды” дейт депутат Эсенгул Исаков

“Суусамыр өрөөнүндө жүргүзүлгөн “Электрондук жайыт-комитет” долбоору бардык артыкчылыктарды жана кемчиликтерди ачыкка чыгарды”,- деди бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков.

Анын айтымында, Кыргызстан көз карандысыздыгын алган соң, өлкөдө жайыттарды башкаруу начарлап калган. “Ар бир дыйкан жана малчы жайыттарды өзүнө көбүрөөк алууга аракет кылып, өз кызыкчылыгына гана пайдаланчу. Республикадагы пайдаланбай калган бир топ жайыттардагы жерлердин сапаты начарлап кеткен”,- деди эл өкүлү.

“Аталган долбоордун алкагында Суусамырда дыйкандар үчүн семинарлар өткөрүлгөн. Азыркы учурда ушул өрөөндө жайыттар маселеси оңолуп калды. Суусамырдын үлгүсүн башка облустарда да ишке ашыруу туура”,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан