Ысык-Көл облусунда 5-июлда ВИЧ-инфекциясы боюнча тестирлөөдөн акысыз өтүү акциясы жарыяланды. Акциянын 5-декабрга чейин уланарын бүгүн, 7-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акция ВИЧ-инфекциясынын жугушу жана андан сактануу жолдору боюнча калктын маалыматын арттырууга багытталат. Акциянын алкагында бардык район, шаарларда, облустук үй-бүлөлүк медицина, облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборлору тарабынан акцияны өткөрүү боюнча атайын иш пландары иштелип чыгууда.
Кошумчалай кетсек, облус боюнча 2014-жылдын алгачкы 5 айында ВИЧ-инфекциясы менен 104 жаран катталган. Анын 38и аялдар болсо, 66сы эркек. Учурда 22 адам вируска каршы АРВ дары-дармеги менен акысыз дарыланышып, 2 адам социалдык жөлөк пул алышат.