Бүгүн, 7-июлда “Улгайган жарандар жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 14 бала Ысык-Көл облусуна жөнөштү. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-июлдан тарта 140 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага эс алууну уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары аталган долбоорго шаардык бюджеттен 420 миң сом бөлүнгөнү белгилүү болду.