Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

Бүгүн, 7-июлдан тартып Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилгендей, кабыл алуунун 1-туру 7-12-июль күндөрү жүргүзүлөт. 

Ал эми 2-тур 14-18-июль, 3-тур 21-26-июль күндөрү өтөт. 1-турга чейин өлкө боюнча жалпы тестирлөөдө мыкты жыйынтык көрсөткөн 50 абитуриент кабыл алынары айтылган. Алар эркин сертификатка ээ болушуп, каалаган окуу жайга жана өзү каалаган кесипке сынактан сырткары тапшыра алышат. 

Калган абитуриенттер билим грантын алуу үчүн сынакка катышышат. Бул үчүн ар бир окуу жайда атайын комиссия түзүлөт. Бюджеттик орунга кабыл алууда абитуриенттин социалдык категориясы эске алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан