Ысык-Көлдө Улуу Жеңишке арналган аскерий-спорттук иш-чаралар өтөт

17-28-август күндөрү Ысык-Көл облусунда “Союз-2014 – Жеңиштин урпактары” аскерий-спорттук уюмдардын Эл аралык жаштар билим берүүчү чогулушу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - интеграциялык процесстерге көңүл буруу жана маданият тармагындагы гуманитардык кызматташуунун өнүгүшүн күчөтүү. Аталган чогулушта патриоттук жана маданияттык иш-чаралар, командалык оюндар жана мастер-класстар өткөрүлмөкчү. Чогулушта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 13 өлкөсүнөн 400 адам катышып, Кыргызстан тарабынан 3 команда бармакчы болду. 

Айта кетсек, иш-чаралар КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан