Эртең Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Эртең, 8-июлда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн тартып 17:00гө чейинки убакыт аралыгында Бөкөнбаев, Коёнкөзов, Чуйков, Исанов көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Ошондой эле жогоруда аталган сааттарда Кайырма, Аламүдүн (Заводской туюк көчөсүндө, Некрасов, Суворов, Зелёный Клин көчөлөрүндө), Ленинское (Восточная, Алма-Атинская, Виноградная көчөлөрүндө), Көк-Жар (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадыева көчөлөрүндө) аймактарында, Төрт-Көл жаңы конушунда да электр жарыгы убактылуу өчүрүлүшү ыктымал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан