7-июлга карата чыгарылган жыйынтык боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард метр кубдан ашты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 027 миллион метр кубду түздү. Секундасына агып кирген суунун көлөмү 688 метр кубга барабар.
Өткөн жылы дал ушул учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 002 миллион метр куб болчу. Анда секундасына агып кирген суунун көлөмү 780 метр куб болгон.