Ошто 2008-жылы жер титирөөдө уроо абалына келген мектепке жаңы имарат курулууда

Озгур айылындагы Алымкулов атындагы №33-мектебине кошумча 240 орундуу окуу корпусу спортзалы менен курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалым болгондой, мектептин мурунку имараты 2008-жылы жер титирөөдө уроо абалына келген имараттардын катарына кирген. Бирок ушул убакка чейин курулушту баштоого акча каражаты чечилбей келген. Быйылкы жылы шаардык мэрия тарабынан курулушту улантууга өзгөчө көңүл бөлүнүп, республикалык бюджеттен акча каражаты каралды. Учурда курулуш иштери уланууда.

Айта кетсек, мектептин курулушуна 39 миллион сомдон ашуун акча каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан