Ош шаарындагы медицина тармагында эмгектенген медайымдар жана санитардык кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерди берүү жагы каралды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 миллиондон ашуун акча бөлүнөт. Мындай буйрукка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду.