Баткенде быйылкы жылы күндүн кургакчыл болгондугуна байланыштуу облустун аймагында айдалган кесек тоютту өз учурунда коромжусуз жыйнап алуу максатында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн буйругу кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары жана Баткен, Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлери облустун аймагында айдалган кесек тоютту өз учурунда коромжусуз жыйнап алуу менен ар бир малга түзүлгөн рациондук нормадан 10 пайызга жогору топтоону, оруп-жыйноо учурунда өрт коопсуздугуна каршы иштерди уюштурууга, кесек тоютту оруп-жыйноо жана топтоонун жүрүшү тууралуу маалыматты бир жумада 2 жолу облустук аймактык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилди.
Ошондой эле Баткен облустук ички иштер башкармалыгына КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен аймагынын чек ара башкармалыгына, Түштүк-батыш бажысынын Баткен бажы башкаруу борборуна, Баткен облусунун аймагындагы кесек тоютту кошуна мамлекеттерге чыгарбоо үчүн чара көрүү тапшырмасы берилди.