Бишкектеги "Тез жардам" станциясына апта ичинде 4 миңге жакын чакыруу түштү

Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 30-июндан 7-июлга чейин 3852 чакыруу түштү. Алардын 2872си аткарылып, 762 шаар тургуну ооруканага жеткирилди. Борбор калаанын жашоочуларын тейлөөгө 232 бригада, 237 бирдик транспорт багытталган. 20 чакыруу жол кырсыгына байланыштуу болсо, аларда 25 адам жаракат алган. Ашказандагы инфекцияга байланыштуу 363 кайрылуу болуп, 111 жаран бейтапканага жеткирилген. Мындан тышкары 317 чакыруу сасык тумоо боюнча түшүп, 50 адам госпиталга жеткирилген. Бул тууралуу 8-июлда Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан