Ысык-Көлдө 220 чакырым аралыкка веложүрүш өтүүдө

7-9-июль күндөрү Ысык-Көл облусунда Бишкектин жана Кыргызстандын епархиясы (Христиандардын дин башкармалыгы) уюштурган веложүрүш өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, веложүрүш Балыкчы-Каракол (220 чакырым) маршруту менен өтүүдө. Иш-чара Сергей Радонежскийдин 700 жылдыгына жана аталган облустун 75 жылдыгына карата уюштурулду. Веложүрүш Каракол шаарындагы Свято-Троицк храмында аяктамакчы.

Иш-чарада Балыкчы, Бишкек, Кажы-Сай, Кант, Каракол, Ош, Покровка жана Талас шаарларынан 31 адам катышууда. Алардын эң жашы 13 жашта, эң улуусу 64 жашта.

Сергей Радонежский (1314-1392-жылдары) орусиялык чиркөөнүн кечили болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faha
2014-07-08 12:05:12
"Сергей Радонежскийдин 700 жылдыгына??????" Kim al ozu 700 jyl murda jashagan?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан