Олуттуу кырсыктан кийин Бишкек мэриясы шаардагы кооптуу бак-дарактарды кыюуда. Атайын жумушчу топ түзүлүп, жакын арада шаар аймагындагы адам өмүрүнө коркунуч жарата турган дарактарды аныктоо иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында куураган 748, авариялык абалдагы 173 дарак бар экени белгилүү болуптур. Авариялык абалдагы 16 дарак кыйылып, 578 дарак буталганын 8-июлда мэрия кабарлады.
Эске салсак, быйыл 30-майда шаар көчөлөрүнүн биринде дарак кулап түшүп, аялдамада турган бир адамды басып калган. Ал адам ошол жерден каза тапкан.