Андрей Аршавин сотто мурунку жубайына утулуп, 2030-жылга чейин алимент төлөөгө милдеттендирилди

Орусиялык футболчу Андрей Аршавиндин балдарына алимент төлөөсү боюнча акыркы сот отуруму өттү. Сот анын мурунку жарандык никедеги жубайы Юлия Барановскаянын арызын канааттандырып, футболчуну 2030-жылга чейин алимент төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

12 саатка созулган сот отурумунда чыккан жыйынтыкка ылайык, Андрей Аршавин 2023-жылдын декабрына чейин (улуу баласы бойго жеткенге чейин) айлык акысынын жарымын ай сайын төлөп турат. 2026-жылдын апрелине чейин, тактап айтканда, ортончу уулу жана кичүү кызы бойго жеткенге чейин айлык маянасынын үчтөн бир бөлүгүн төлөйт. Алар өз алдынча болгонго чейин, 2030-жылга чейин футболчу айлыгынын төрттөн бир бөлүгүн балдарына берип турууга милдеттендирилди.

Кошумчалай кетсек, соттун мындай чечими апрель айында чыккан. Бирок А.Аршавин соттун чечимине нааразы болуп, ишти кайра кароону өтүнгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
DNurgiza
2014-07-08 14:28:25
Эн туура чечим!
0
LaraKroff
2014-07-08 20:38:03
Нааразы болгону эмнеси? Баланы жаратып жатканда ойлонуш керек да ошондуктан. Акчасы болок-ботонго кетип жатса да бир жон!
0
Nuraiym9494
2014-07-09 15:50:56
Daa akcha adamdy emne kylbait.kecche ele Arwavin aivai baktyluu bolup 3 balasy mn interviy berdi ele bugun bawka daje azdyk kylat,bulardyn ailygyna, jalko uch balasyna
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан