Бүгүн, 8-июлда Ош шаардык салык кызматынын бир катар кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамына карата сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда маалым болгондой, Ош шаардык профсоюз комитети тарабынан 2 адамга эс алууга жолдомо берилмей болду.
Ага вице-мэр Замирбек Аскаров, аталган комитеттин төрагасы Сейит Мусаев, Түштүк райондор аралык салык кызматынын жетекчиси Тургун Туташев, Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Ильяз Иманбетов жана башкалар катышты.